Тренддер
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда баяндама жасады
КРФМ
Ысык-Көл облусунда VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында «Кыргыз Республикасы - Россия Федерациясынын финансылык архитектурасы: каржылоонун жаңы инструменттери» аттуу финансылык сессия өттү. Форум 5-7-август күндөрү өтүп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, финансылык жана өнүктүрүү институттарынын, ошондой эле ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Финансылык сессияга Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов катышып, иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы финансылык кызматташтыкты чыңдоо, бизнестин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду колдоо жана жаңы финансылык инструменттерди колдонуу маселелери талкууланды.
Нурбек Акжолов өз баяндамасында Кыргыз Республикасында инвестицияларды жана ишкердикти мамлекеттик колдоого багытталган финансылык инструменттерге токтолду. Алардын катарына мамлекеттик кепилдиктер, кепилдик берүү механизмдери, бюджеттик кредиттөө, пайыздык чендерди субсидиялоо жана аймактык долбоорлорду жеңилдетилген шарттарда каржылоо кирет.
Өзгөчө көңүл Россиянын өнүктүрүү институттары менен биргелешкен каржылоону өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө, ошондой эле Ишкердикти өнүктүрүү фондун биргелешкен инвестициялык долбоорлорду даярдоо, каржылоо жана коштоп жүрүү боюнча улуттук оператор катары пайдаланууга бурулду.
Жыйынтыгында Финансы министринин орун басары мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугу тартылган инвестициялардын көлөмү, түзүлгөн жаңы ишканалардын жана жумуш орундардын саны, ошондой эле ишке ашырылган долбоорлордун аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы аркылуу бааланышы керектигин белгиледи.
2 сүрөттөр
0.00MB