Menu

Тазалык жана көрктөндүрүү: Финансы министрлигинин кызматкерлери ишембиликте

Тазалык жана көрктөндүрүү: Финансы министрлигинин кызматкерлери ишембиликте

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жана ага караштуу ведомстволордун кызматкерлери республикалык ишембиликке активдүү катышты.

Ишембиликтин алкагында аймактарды тазалоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Мындан тышкары, коомдук жайлардын жана аларга чектеш аймактардын санитардык абалына өзгөчө көңүл бурулду.

Мындай иш-чаралар экологиялык маданиятты жогорулатууга, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жардам берет.

Тазалыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо - ар бир жарандын жоопкерчилиги. Ушуга байланыштуу, бардык жарандарды өлкө аймагындагы тазалыкты сактоого жана көрктөндүрүү иштерине активдүү катышууга чакырабыз.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1759

Окшош жаңылыктар